РУС

ДҮЙНӨ ЛИДЕРЛЕРИ ОМАНДЫН СУЛТАНЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Дүйнө лидерлери Омандын жаңы султаны Хайтам ибн Тарик Ал-Саид менен жолугушуу үчүн Маскатка барышты. Андан бир күн мурда султанатты 50 жылдан бери башкарып келген Кабус ибн Саид 79 жашында көз жумган. Алгачкылардын болуп Маскатка барган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана ханзаада Чарльз маркум султанды “улуу адам болчу” деп эскеришти. Ошондой эле бул күнү жаңы султан менен жолугушууга Кувейттин шейхи, Катардын бийликтеги эмири жана Ирандын тышкы иштер министри да барды. 66 жаштагы султан Хайтам Саид буга чейин Омандын маданият министри болуп иштеп келген

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР