РУС

Тажикстанда тополоң чыкты

Тажикстандын түндүгүндөгү Зарнисор шаарчасында Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясынын жумушчулары тополоң чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

                                                                           

Аталган маалыматта, 21-май күнү түштөн кийин таш, таяк менен куралданган 60 чакты кытай улутундагы жумушчулар компаниянын башкы кеңсесине кол салышканы жөнүндө версиялар айтылууда.

Версиялардын биринде, Кытай жарандарынын айлыгы өз убагында берилбегенине байланыштуу чыр чыкканы, ал эми экинчи версия боюнча. коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылгандыктан, бир нече айдан бери мекенине бара албай калган жумушчулар аларды Кытайга кайтарууну талап кылышкан.

Компания өкүлдөрү жана жергиликтүү башкарма сүйлөшүү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес.

Нааразы болгон жумушчулар имараттын терезелерин сындырып, бир нече унааны талкалап салышкан. Акыры чуу болгон жерге ОМОНдор тартылып, күчкө салып тополоңчуларды жөнгө салышкан.

                                                                     

Белгилей кетсек, Тажик-Кытай тоо-кен өндүрүш компаниясы цинк, коргошун, жез өндүрүп келет.

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР