РУС

ГИННЕСКЕ ТАЛАПКЕР АЙЫМ

Индияда Кумари аттуу аялдын оорусу тубаса. Үй-бүлөсү акча тартыштыгынан улам аны доктурга жакшылап көрсөтө алган эмес. Индиянын жашоочусу Кумари Наяктын буту-колунда 31 манжасы бар. Ал Гиннестин рекорддор китебине талапкер болуп жатат. 63 жаштагы аялдын колунда 12, ал эми бутунда 19 манжасы бар. Коңшулары аны "жез кемпир" деп атап алышкан. Учурдагы рекордду ээлеп турган адамдын 28 манжасы бар. Кумаринин оорусу тубаса. Үй-бүлөсү акча тартыштыгынан улам доктурга көрсөткөн эмес. Өзүнүн айтымында, коңшуларынын бөлүп-жаруусунан эшикке да көп чыкпайт.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР