РУС

ХОККЕЙДЕГИ АТААНДАШТЫК

Хоккей талаасында эки оюнчунун чатагы чагылгандай тездик менен тарап, массалык урушка айланган. Calgary Flames дарбазачысы Кэм Тальбо Edmonton Oilers голкипери Майк Смит менен НХЛ чемпионатындагы беттеште мушташа кеткен. Уруш оюндун экинчи бөлүгүнүн аягында болгон. Алгач Тальбо атаандаш команданын форварды Сэм Ганье, андан соң Смит менен чапчылашкан. Мындай көрүнүш карап турган башкалардын канын кайнаткан. Өспүрүмдөрдүн хоккей боюнча командасынын машыктыруучусу атаандаш команданын 11 жаштагы балдары менен муз үстүндө жулкулдашып, урушуп кеткен. Ал эми калыстардын айыгышып, жедеп көгөрүп алышкан хоккейчилерди ажырата албай коюшту.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР