РУС

ДЗЮДО МЕЛДЕШИ

Бишкекте өткөн мелдеште Кыргызстандын алдыңкы дзюдочулары аныкталды. Өлкө чемпионатына жети дубандан келген 300 спортчу катышты. Кыздар төрт салмак категорияда (48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг), ал эми эркектер үч салмакта (60 кг, 66 кг, 73 кг) күч сынашты. Жалпысынан медалдын 14 топтому ойнотулду. Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланды. Айрым белгилүү спортчулар Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдештерине даярданып жаткандыктан Кыргызстандын чемпионатына катыша албай калышканы айтылды. Турнирди өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Дзюдо федерациясы уюштурду.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР