РУС

МЕНЧИККЕ КАЙТАРЫЛБАГАН ТАЛАШТАГЫ ЖЕР

04.02.2020

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө тургундары 5 жылдан бери короосунун алдындагы балдар ойноочу аянтты кайтара албай убара. 2011-жылы жеке курулуш компаниясына өтүп кеткен аянтча соттук териштирүулөрдүн улам муниципалдык менчиктин балансына өтө элек. Жашоочулар ишти создуктурбай балдар аянтчасын кайтарып оңдоп балдарын алаксытууга кызыкдар. Масалиев кочосундо жайгашкан бул балдар ойноочу аянтчасын беш коп кабаттуу уйдун тургундары пайдаланышат. Аянчада балдарга ынгайлашкан шарттар болгону менен, толук эмес, эскилиги жеткен. Айланасы да тосмолор менен тосулбагандыктан автоунаасын коюп кеткендер да чыгат. Кышкысын суу толуп балдар ойноого шарт жок.  

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР