РУС

ИРАНДЫН КУНУНА УКРАИНА НААРАЗЫ

Владимир Зеленский Тегеран шаарындагы учак кырсыгынан каза болгон украиналыктардын үй-бүлөсүнө компенсация төлөө сунушун четке какты. Украина президентинин айтымында, Иран мамлекети ар бир үй-бүлөгө 80 миң доллардан төлөп бермей болгон. Каза болгон күйөөсү үй-бүлөсүн жалгыз багып келгенин жана баласы университетке тапшырышы керек экенин айткан аялдарга 80 миң доллар аз деди украин лидери. Украина эл аралык сотко доо арыз берүүгө камынууда. Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге багыт алган Украинанын Boeing 737-800 самолету бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Кийинчерээк учак Иран тарабынан атылганы белгилүү болгон.
10 КҮНДӨ БҮТКӨН ООРУКАНА
Коронавирустан улам Ухань шаарында ыкчам түрдө оорукана салынды. 10 күндүн ичинде курулуп, ушу тапта бейтаптарды кабыл алууда. Курулуш иштери 24-январда башталып, 2-февралда аягына чыкты. Жаңы оорукана бир имаратка бириктирилген ири көлөмдөгү модулдардан турат. Объект 1000 бейтапты кабыл алат. Бүгүн дагы 1 600 адамга ылайыкталган экинчи оорукана колдонууга берилди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту өзгөчө кырдаал деп баалады. Дарттын жайылуу деңгээли Кытайда өтө жогору деп бааланса, дүйнөдө жогору деп табылды. Илдеттен улам Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамдарын токтоткон мамлекеттер күн санап көбөйүүдө

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР