РУС

СПОРТТОГУ ЧОҢ КАДАМ

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу International Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун чемпиондук наамы үчүн беттеш өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштурган RCC Boxing Promotions компаниясы кабарлады. Профессионалдык бокс боюнча турнир 7-мартта Екатеринбургда болот. Анда Сулайманбек уулу россиялык Марк Урванов менен 12 раунддук кармаш өткөрөт. Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокска аралашкандан бери 15 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. Эки жыл мурда Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болуп, аны төрт ирет коргоп калган. Урванов WBO International чемпиондук курун былтыр ноябрда тагынып, өз салмагында дүйнөдөгү күчтүү 10 боксчунун катарына кирген. Рингде 17 беттеште жеңишти камсыздап, эки ирет утулган.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР