РУС

ШЕВЧЕНКОНУН БЕТТЕШИ

Кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагяндын кезектеги беттешине карата презентациялык видеосу чыкты. Мындан сырткары, видеодо чемпиондун машыгуулары жана буга чейинки беттештеринин кызыктуу ирмемдери көрсөтүлгөн. UFC чемпиону болуш үчүн көп нерсе талап кылынат: мыкты боксчу болуу, бут менен айланып тебүү, партерде атаандаштын буту-колун кайруу жана муунтуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүү шарт. Бишкек убактысы боюнча 8-февралдан 9-февралга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турнири өтөт. Ал жакта кыргызстандык спортчу америкалык Кэтлин Чукагян менен октагонго чыгып, чемпиондук титулун үчүнчү ирет коргомокчу. Шевченко 2019-жылдын августунда америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп алган. Биринчи жолку чемпиондук титулун коргоодо америкалык Жессика Айды техникалык нокаут менен жеңген.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР