РУС

МЕССИНИН ТААРЫНЫЧЫ

Барселонанын белгилүү чабуулчусу Лионель Месси аталган клубдун спорт директору Эрик Абидаль менен араздашты. Абидаль испандык Diario Sport басылмасына берген маегинде клубдун мурдагы машыктыруучусу Эрнесто Вальвердени футболчулардын нааразылыгынан улам жумуштан кетиришкен деп билдирген эле. Бул тууралуу Месси мага мындай нерселер жакпайт, бирок ар ким өзүнүн иши жана чечимдери үчүн жоопкерчиликти мойнуна алышы зарыл деп билдирди. Эрик Абидаль - франциялык футболчу, учурда каталондук клубда спорт директорунун кызматын аркалайт. "Барселонанын" курамында Чемпиондор лигасын эки жолу жеңгенге жетишкен.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР