РУС

ТҮРКИЯДА УЧАК КЫРСЫКТАДЫ

Түркиянын Pegasus авиакомпаниясына таандык болгон учак катуу ылдамдыкта бара жатып, учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, кулады. Измир - Стамбул каттамы боюнча келе жаткан учак үчкө бөлүнүп кеткен. Кырсыктан үч киши каза таап, 179 адам жаракат алды. Жалпы жонунан бортто 183 адам болгон. Анын алто экипаждын мүчөлөрү. Алдын ала айтылган божомолдор боюнча, кырсыкка аба ырайынын бузулушу себеп экени айтылды. Стамбулдун «Сабиха Гокчен» эл аралык аэропортунда кырсыктаган учактын 130 ашык жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Арасында эки кыргызстандык жаран Стамбулда мамлекеттик ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең абалы туруктуу, Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, ал-абалын көрүштү.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР