РУС

КОРОНАВИРУСКА 675 МЛН ДОЛЛАР КЕРЕК

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюуму коронавирустан коргонууга 675 млн доллар керектелерин кабарлады. Бул каражаттын 60 млн увакцинаны жаныбарга салып текшерип көрүүгө сарпталат. Калган бөлүгү учурда абал курч болуп турган мамлекеттерге бөлүнүп берилет. Уюмдун башкы директору Тедрос Адхан каражат чукул арада керек экенин, эгерде убакыт өтсө бул сумма алда канча жогору болорун кошумчалады. Азыркы тапта коронавирус боюнча абал солгундай эле. Гонконгдун жээгинде World Dream кемесинде 1800 адам өзгөчө абалда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Жалпы болуп кемеде 3700 адам болгон. Моряктардын бири жогорку температура экенин айтып дарыгерге кайрылган. Андан кийин 10 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү коноровирусту жуктуруп алганы аныкталды. Эки жумуга пландалган жомоктогудай кызыктуу саякат эми түрмөдөн айырмасы жок изолятордук бөлмөлөрдө уланат.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР