РУС

ООРУНУН КЕДЕРГИСИ ТИЙГЕН СПОРТ

Кытайда күрөш боюнча "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турнири жылдырылды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясы кабарлады. Турнир Кытайдын Сиань шаарында 27-29-март күндөрү өткөрүлмөк. Аталган федерацияда спортчулардын коопсуздугуна карап турнирди башка өлкөдө өткөрүүнү кароодо. Азырынча кайсы өлкөдө өтөрү белгисиз. Бул турнирге Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер катышат. Буга чейин Кытайда өтчү бокс боюнча олимпиадага тандап алуу турнири коронавирустун айынан Иорданиянын Амман шаарына жылдырылган.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР