РУС

ЭРТЕҢ ШЕВЧЕНКОНУН КЕЗЕКТЕГИ БЕТТЕШИ

Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко америкалык Кетлин Чукагян менен көз караштар таймашын өткөрдү. Мушкер кыздардын беттеши 9-февралга караган түнү Хьюстондо UFC 247 турниринин алкагында болот. Анда Шевченко чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргойт. Эреже боюнча мушкерлер кармашка бир күн калганда көз караштар таймашына катышат. Шевченконун кезектеги беттешине карата презентациялык видео жарыяланды. Алардын таймашы сый өткөнү байкалып турат. Шевченко чемпиондук курду 2018-жылы польшалык Йоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Быйыл америкалык мушкерлер Жессика Ай менен Лиз Кармушту жеңип, наамын коргоп калган. Ал эми атаандашы Чукагян ММА боюнча 13 беттешти утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР