РУС

ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕП

10.02.2020

Эми ата-энелер балдарынын мектептеги бааларын, калтырган сабактарын үйдө отуруп эле биле алышат. Мындай маалыматтар баланын колундагы атайын билериктерге орнотулган чиптер аркылуу көзөмөлдөнөт. Учурда “Санариптик мектеп” долбоору пилоттук режимде акырындап ишке аша баштады. Билим берүү жана илим министиринин орун басары Нурлан Өмүров электрондук башкаруу системасы алгач он мектепке киргизилерин маалымдады. Бүткул дүйнөдөгү билим берүү системасы санарип технологияларына эчак өткөн, мындан улам Кыргызстан да арта калбаш үчүн билим берүү жаатын санариптештирүүгө кадамдарды жасоодо. Учурда өлкөнүн алдынкы уюлдук оператору, Билим берүү министрирлиги менен биргеликте билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында мектептерге электрондук башкаруу системасын киргизүү аракетин көрүүдө. Бул долбоор беш багыттан турат.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР