РУС

ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛЫК КӨБӨЙӨТ

10.02.2020

Ысык-Көлдө балыктардын айрым түрү жылдан жылга азайып, жок болуп кетүү коркунучунда. Мындан улам, кошумча балыктын санын көбөйтүүгө акыркы жылдары заводдордо майда чабактар өстүрүлүп келет. Ысык-Көлдүн Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада быйыл 6 млн. дон ашык чабак өстүрүлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдарга салыштырмалуу аз. Аймакта жүргөн селден улам аз санда өстүрүлгөн балыктардын алды көлдүн тынч жайгашкан аймактарына кое бериле баштады.Тоң районундагы балык өстүрүү заводу 1965-жылдан тартып ушул күнгө чейин кызматта. Арадан жарым кылым өтсө да, имарат жарытылуу капиталдык оңдоп-түзөө көргөн эмес. Көлдөгү балыктын санын толуктап туруучу көзгө басар ишкананын мындай абалы андагы жумушчуларга да ыңгайсыздык жаратат.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР