РУС

КАЗАКСТАРДАГЫ АБАЛ

Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 11 адам каза болуп, ондогон адам жараат алды. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда ооруканаларда ондогон жабырлануучулар дарыланып жатат. Арасында абалы оор деп бааланып жаткандар да бар. Башаламандыктан 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа жабыркаган. Белгилей кетсек, аталган айылдарда жашагандардын арасынан 4 миңдей киши Кыргызстандын аймагына өтө качканын Чек ара кызматынан билдиришкен. Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок. Казак бийлиги абалды турукташтырууга жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө болгон аракетин жумшап жатат.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР