РУС

ЕВРОПАДА БОРООН КҮЧӨДҮ

Сиара бороону Улубританиянын бир катар аймагын түйшүккө салды. Жол каттамдары токтотулуп, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Аны менен бирге бир нече поезд жана учак каттамдары да ишин токтотту. Шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымдаш ашууда. Ошондой эле кооптуу аймак Францияда да киргизилип, аба ырайы боюнча эскертүүлөр берилүүдө. Андан кийин бороон Бельгия тарапка өтөөрү айтылды. Брюсселдин аэропортунда 100 ашык аба каттамдары токтотулуп, элдерди түшүнүү менен мамиле кылууга бийлик аракет көрүүдө. Кчөдө жөө жургүнчүлөр да аз, анткени шамал катуу болгондуктан кум асманга көтөрүлүп, басканга абал кооптуу болууда.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР