РУС

ТҮРК АСКЕР ТЕХНИКАЛАРЫ

Түрк аскерий техникаларынын колоннасы Сириянын Иблиб провинциясына кирди. Анда танка, брондолгон атайын техникалар жана ок өткөрбөөчү атайын аскердик техникалар бар. Ошол эле маалда Сириянын генералдык штабы Алеппо жана Идлиб провинцияларында 600 чарчы чакырымдан ашык аянт бошотулганын кабарлады. Жергиликтүү эл тынч жайларга баш паанек издөөнү улантууда. Алар жакынкы жайлардагы лагерлерди көздөп, чукул арада Сирияны таштап чыгып кетүүгө даяр. Жергиликтүү бийлик 2012-жылдан бери согушкерлердин колунда турган Мааррат-эн-Нууман шаарын бошотууну көздөп жатат. Идлибдин түштүк тарабындагы бул шаарда 8 жылдан бери курал жарактар сакталып, согушкерлер токтоп эс алуучу жай болгон.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР