РУС

ШЕВЧЕНКОНУН ЖЕҢИШИ

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмундагы чемпиондук титулун үчүнчү ирет сактап калды. Ал беттештеринин саны боюнча Хабиб Нурмагомедовдон ашып кетти. Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алды. Буту менен атаандашынын колун “байлап”, бош колу менен бетке ургулай баштаганда калыс таймашты токтотуп койду. 32 жаштагы спортчу ушуну менен чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп, жеңил салмактагы чемпион, россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедовду артта калтырды. Чемпиондук курун сактап калуунун саны боюнча түзүлгөн рейтингдин башында Аманда Нуньес турат. Ал наамын коргоо үчүн беш ирет беттеш өткөрүп, олжолуу болгон. Бул жолку ийгилиги үчүн мекендешибиз 270 мин доллар гонарар алды.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР