РУС

"ЫНТЫМАК" КОМАНДАСЫНЫН ЖАҢЫ КУРАМЫ

Көк бөрү боюнча "Ынтымак" командасынын жаңы бекитилген курамы жарыяланды. Алар Аудасбек Мырзабек уулу, Дастан Сагынбек уулу, Данияр Искендеров баштаган көк бөрүчүлөр. Тизмеде көрсөтүлгөндөй, командага 8 жаңы оюнчу келип, мурдагы оюнчулардан төртөө эле калды. Ал эми көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу "Сары-Өзөн" командасына өттү. Ал өз сөзундө "Аталган команда менен 2 жылга келишим түзүлдү. "Ынтымак" командасында 2014-жылдан 2019-жылга чейин оюн көрсөттүм. Командага терең ыраазычылыгымды билдирем", деп айткан. Сейитбек Анарбек уулу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3 жолку, президенттин Кубогунун 3 жолку жеңүүчүсү

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР