РУС

ТҮРКИЯ ИДЛИБГЕ СОККУ ЖАСАДЫ

Түркиянын куралдуу күчтөрү Идлибде Сирия армиясынын артиллериялык соккусуна жооп кылып алардын 101 жерин талкалады. Кесепетинде үч танка жарактан чыгып, бир тик учак атып түшүрүлгөн. Буга чейин министрлик Сирия тараптын аткылоосунан түркиялык беш аскер каза таап, дагы беш жоокер жаракат алгандыгын кабарлаган эле. Өткөн аптада Түркия Идлибдеги абал курчуп турган аймактагы байкоочу жайга атайын даярдыктагы аскерлерди түшүргөн. Эске салсак, Россия, Иран жана Түркия 2017-жылдын май айында Нур-Султан шаарында Сириянын тынч эмес жайларында төрт аймак түзүү боюнча сүйлөшкөн

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР