РУС

АЗЕРБАЙЖАНДА БАШКАРУУЧУ ПАРТИЯ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

Президент Илхам Алиев башында турган бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады. Экзит-поллдун жыйынтыгына караганда, партия парламенттеги 125 орундун 71ин алды. Жекшембиде жарандардын 48% добуш берип, бул мурдагы шайлоолордон төмөн көрсөткүч болду. Шайлоого 20 саясий партиянын талапкерлери катышты. Ошол эле маалда бир катар партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР