РУС

"ОСКАР - 2020": 44 МЛН. ДОЛЛАР КОРОГОН САЛТАНАТ

АКШ киноакадемиясы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү. Бул жылкы салтанат адаттагыдай Лос-Анджелестеги "Долби" театрында дүйнөлүк кино жылдыздардын катышуусу менен болду. Кеченин эң алгачкы сыйлыгына "Бир кездерде... Голливудда" тасмасындагы "Эркектин экинчи пландагы эң мыкты ролу" үчүн Брэд Питт татыды. Эң маанилүү делген "Жылдын тасмасы" номинациясында быйыл тогуз фильм ат салышты. Жыйынтыгында киноакадемия "Мителер" тасмасын эң мыкты деп тапты. Ал эми анын автору Бон Жун Хо "Эң мыкты режиссер" номинациясын жеңип алды. Алдын ала маалыматтарда, бул жолку салтанатка уюштуруучулар 44 миллион доллар короткондугун, анын бир бөлүгү кооздоо үчүн Сваровски таштарын алууга кеткени айтылды. Мындан тышкары, болуп өткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи алгач ирет алып баруучусуз өттү

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР