РУС

ТЫНЫБЕКОВА ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ ЛИДЕР

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча кыздар арасындагы рейтингде лидерлигин сактап калды. 7-9-февралда Алжирде күрөш бюнча Африка чемпиондугу болуп өттү. Бул турнир рейтинг катары бааланып, 1-8-орунду алган балбан айымдар дүйнөлүк рейтингден упай алышты. UWW боюнча 62 килограмм салмак чениндеги дүйнөлүк рейтинг боюнча Айсулуу Тыныбекова 76 упай менен он балбан кыздардын ичинен биринчи тизмеде турат. 10-февралда Италиянын Рим шаарында күрөш боюнча Европа чемпиондугу башталды. Римде өтүүчү бул турнир да рейтинг катары бааланат

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР