РУС

ВИРУСТУН ТААСИРИ ТИЙГЕН БИЗНЕС

Мобилдик компаниялардын дүйнөлүк конгрессине бул жолу көп компаниялар катышуудан башт тартты. Буга учурда тездик менен таркап жаткан коронавирус илдети себеп болду. Американын Facebook жана Intel компаниялары катышпай турган болду. Ага чейин Барселонага келгенден кооптонуп, Sony, Amazon, Nvidiа, LG жана Ericsson компанияларынын өкүлдөрү баш тарткан. 24-февралда баштала турган дүйнөлүк жыйынга 100 миңден ашык катышуучулар келери пландалган. Элдин баары күткөн конгрессте кытайдын Huawei, Xiaomi жана ZTE комапниялары өздөрүнүн ийгиликтери көрсөтмөк. Мындан сырткары Түштүк Кореянын Samsung компаниясынан да дүйнө эли көптөгөн жанылыктарды күткөн. Мындай көрүнүш алдыдагы эки жылда бул тармактагы бизнеске ири сокку болуп, жогоруда аты аталган беделдүү компаниялардын кирешесин төмөндөтүшү мүмкүн.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР