РУС

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КАРЫ АДАМ

Япониянын тургуну дүйнө жүзүндөгү эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор" китебине кирди. Титэцу Ватанабэ учурда 112 жашта. Ал 1907-жылы 5-мартта дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Учурда Ватанабэ карылар үйүндө жашайт, ага дүйнөдөгү эң кары адам экендигин тастыктаган күбөлүк тапшырылды. Буга чейин дүйнөдөгү эң кары адам катары ушул эле Япониянын тургуну Масадзо Нонакаэсептелип келген. Ал 2019-жылдын 20-январында 113 жашында каза болгон

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР