РУС

МУМБАЙДАГЫ КАЛАБАНЫН УЮШТУРУУЧУСУ СОТТОЛДУ

Пакистандын соту 2008-жылкы Мумбайдагы террордук чабуулдун уюштуруучусу делген Хафиз Саидди "терроризмди каржылаган" деген эки иш боюнча 11 жылга эркинен ажыратты. 12-февралда Лахордогу сот ага 30 миң рупий (194 АКШ доллары) айып салды. Кошмо Штаттар менен Бириккен Улуттар Уюму аны террорчулардын катарына киргизген. Кезинде АКШ Саидди колго түшүрүү үчүн маалымат берген тарапка 10 миллион доллар убада кылган. Эске салсак, 2008-жылы 10 куралчан Мумбайдагы эки кымбат мейманканага, жөөттөрдүн борборуна жана темир жол станциясына чабуул коюшкан. Бир нече күнгө созулган атышууда 166 киши каза болгон

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР