РУС

ТАСМАДАГЫ ШЕВЧЕНКОНУН РОЛУ

Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко Хьюстондо өткөн UFC 247 турниринин жеңүүчүсү болгондон кийин интервью берди. Жыйынга голливуд жылдызы, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Холли Берри да келген. Эске салсак, буга чейин кыргызстандык спортчу Берри менен кино долбоорго катышып жатканы коомчулукка маалым болгон. Интервью учурунда тасма Жеки аттуу ММА мушкери тууралуу тартылганы маалым болду. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Аралаш мушташтын жылдызы, Жекинин башкы атаандашынын ролун Валентина Шевченко ойнойт. Ал өз сөзүндө "Тасманын мен катышкан бөлүгү аяктап калды. Учурда башка эпизоддор тартылып жатат", - деп билдирди​

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР