РУС

УЛУКБЕК ЖОЛДОШБЕКОВ ЧЕМПИОН

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынды. Спортчу 61 кг салмак категориясында тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Ушул эле чемпионатта эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы, Азат Салидинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш, Айсулуу Тыныбекова коло медаль алды. Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким, Бекболот Мырзанар уулу менен Исламбек Орозбеков үчүнчү орунга татыды. Ал эми Арсалан Будажапов алтын медаль утту. Жалпы жонунан кыргызстандык спортчулар аталган чемпионаттан 10 медаль алды. Эркин күрөштү аркалаган балбан Жолдошбеков буга чейин 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында былтыр да алтын тагынган.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР