РУС

ВИРУС 143 ӨЛКӨГӨ ТАРАДЫ

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада дагы тогуз өлкөдө адамдар вируска чалдыккан кабарлады. Анын ичинде жети өлкө Африка континентинде, бирөө Европада, дагы бири Америка материгинде. Ошондо жалпы болуп вирус 143 мамлекетке жетти. Оорудан жалпысынан 5735 адам көз жумду. 154 минге жакын адам илдетке чалдыгып, 70 миңден ашык адам сакайып чыкты. Оорунун очогу болгон Кытайда акыркы суткада 838 адам оорудан айыгып чыккан. 14 адам вирустан өлдү. 16 жаңы учур катталды. Окумуштуулар коронавирус Кытайда жеңиле баштаганын айтышууда. Кытайда ооруну жугузгандардын жалпы сана 80 миңден ашык.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР