РУС

КОҢШУ ӨЗБЕКСТАН ВИРУСКА КАБЫЛДЫ

COVID-19 вирусунун ташкенттик үй-булө жуктуруп алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты. Илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илим изилдөө институтунун клиникасына жеткирилди. Бул аял байырлаган көп кабат үйдөгү 230дай тургун да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. 11-мартта Ташкентте Парижден кайткан аял жана анын уул-кызынан тышкары алардын үй-бүлөсүнө тиешеси жок дагы бир өзбекстандык коронавируска чалдыккан. Учурда беш киши оорулан жабыркады. Вирус жуктарган адам 15-мартта «Өзбекстан аба жолдору компаниясынын» Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген. Өзбек премьери Абдулла Арипов чыгып сүйлөп, базарларда коронавирусту шылтоолоп негизсиз баа көтөрүү далалаттарына жол берилбей тургандыгын баса белгилеп, кооптонуу чаралары жетиштүү деңгээлде экенин кошумчалады.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР