РУС

КАЗАКСТАНДА ТОГУЗ АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Казакстанда вирус жуктургандардын саны тогузга жетти. Алардын бири - жакында Германиядан келген 12 жаштагы кыз. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди. Казакстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтап 13-мартта катталган. Германиядан келген эки казак жаранынан ушул эле күнү Германиядан жана Италиядан учуп келген дагы эки адамдан COVID-19 вирусу табылган. 14-мартта Москвадан Алматы шаарына, Варшавадан Нур-Султан шаарына учуп келген дагы эки кишиден коронавирус чыккан. Учурда казакстанда ооруну жайылтпоо үчүн бардык чаралар көрүлүп, мектеп жогорку окуу жайлар убактылуу карантинге чыгышты.

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР