РУС

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУ КАЗАКСТАНДА

Оңолбек Каныбек уулу ойногон команда Казакстандын чемпионатында коло байге утту. Волейбол боюнча Казакстандын чемпионатынын улуттук лигасынын оюндары 13-мартта токтотулган. Казакстандын чемпионатынын быйылкы сезонунун жеңүүчүсү Алматынын "Буревестник", экинчи орунду "Атырау" жана үчүнчү орунга "Тараз" командасы илинди. Эскерте кетсек, "Тараз" командасында волейбол боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу ойноп келет

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР