РУС

Кыргызстанда доллар жетиштүү

22.03.2020

 Доллардын курсу бир канча күн ичинде турукташат. Бул тууралуу  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов брифингде билдирди.

 

Айтымында, Улуттук банк валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн 3,7 млн доллар сатты. Дүйнөдө мунайдын баасы төмөндөп, коронавирустун жайылышына байланыштуу соода алака солгундады. Ошондон улам башка мамлекеттердин да курсунда өзгөрүүлөр болуп жатат. Биз интервенция жасап, курстун оптималдуу деңгээлине келтирдик. Долларды сатып алуу менен сатуунун баасында айырма чоң болуп жатканы, эки үч күн ичинде нугуна түшөт дейт ал.

 

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР