РУС

ТИМ: Египет жана Таиланддан мекендештер өлкөгө алынып келди

23.03.2020

 Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коронавирустун алдын алуу максатта чек аралар жабылган.

 Ага байланыштуу айрым мекендештерибиз Кыргыз өлкөсүнө кире албай калышкан. 

Маалыматка ылайык, 22-23-март күндөрү Тышкы иштер министрлиги ата мекендик туристтик операторлор менен биргеликте казак тараптын колдоосу менен Шарм-эль-Шейхтен (Египет) 126 туристти жана Бангкоктон (Таиланд) 11 туристти алып келди. Алар Алматы аэропортко конгон соң Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен атайын транспорт аркылуу Бишкекке алып келинген.

Учурда келгендер тиешелүү текшерүү жүргүзүү үчүн медициналык жайга жайгаштырылган.

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР