РУС

Испания вирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан өттү

31-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирус эпидемиясынан жабыркагандар 784 миң 314тү түздү. Анын 165 миң 228и дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 37 миң 638и каза болгондор. Бул туралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтында жазылган.

Анда, эң көп жабыркагандар азыркы күндө Америка Кошмо Штаттарында болуп жатат. Вирус менен жалпы 163 миң 429 адам  алышууда. 5764 адам бул вирустан айыкса, 3008 адам каза тапты.

Италияда бир суткада 4050 адам вирус жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 101 миң 739га жеткен. 14 миң 620 адам айыгышса, 11 миң 591 адам көз жумган.

Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан Испания ашып өттү. Учурда Испанияда 87 миң 956 адам вирус менен алышууда. 16 миң 780 адам илдеттен айыгып, 7716 адам кайтыш болгон.

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР