РУС

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАЗА ЧАРАЛАРЫ

31.03.2020

30-мартта болуп өткөн брифингте вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карантинди бузгандар катталып жаткандыгына байланыштуу күзөт иши күчөтүлөрүн белгилеген.

Республикалык штабтын маалыматы боюнча, өлкөдө үй карантинине жана обсервацияга алынган жарандар эреже буза турган болсо 300 миң сомго чейин айыппул салынат.

 Атайылап же капыстан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдарга массалык түрдө оору жуктургандар Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча эки жылга эркинен ажыратылат же айып салынат.

  Коомдук жайларда беткапсыз жүргөн адамга миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айыпка салынат. Күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузганга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

  Андан сырткары, түнкүсүн кармалгандар коменданттык саат бүткөнчө милиция бөлүмүндө калат, жанында документи жоктор ким экени аныкталганча үч суткага чейин камалат. Кармалгандардын буюмдары жана автоунаасы текшерилиши мүмкүн. Ошондой эле жеке адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынат.

  Коомдук тартипке, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандар 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул төлөшөт.

  Ошондой эле, жашы жете электер үчүн 120 миңден 140 миң сомго чейин айып салынса, чоң адамдар менен жеке жактарга 260 миңден 300 миң сомго чейин айып салынат.

 Ал эми атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуп, башка адамдардын ден соолугуна анча оор эмес зыян тийгизгендерге Эреже бузуулар кодексинин 127-беренеси боюнча II категориядагы 17 миң сом айыппул салынат. Ошону менен бирге, кайсы бир кызматыны аркалаганга, ишмердүүлүгүнө тыюу салынат.

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР