РУС

Бишкек жана Ошто гуманитардык жардамдар берилди

31.03.2020

Бул туралуу өкмөттүн официалдуу сайтында жазылып чыкты. 

Анда, коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр учурунда айрым жарандар тарабынан баш калаада жана Ош шаарларында жергиликтүү калкка гуманитардык жардамдар берилгендиги туралуу маалымдалган.

Демөөрчүлөр тарабынан 2,7 тонна ун, 460 литр өсүмдүк майы жана 2 тоннадан ашык макарон, күрүч кумшекер ж.б. таркатылды. 

Ишкерлер 1000 медициналык беткап, 320 литр антисептик, 360 жана башка 300 жакын дезинфекциялык каражаттарды таркатышкан. 

№20 муниципалдык аймактык башкармалыгы чарба субъектилер жана соода борборлор менен бирге башкармалыктын аймагындагы көп балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө азык түлүк жеткиришти. 

Дордой-2 конушундагы 10дон ашык батир ээлери 1 айлык ижара акы төлөмүнөн бошотулду. Ошондой эле, жеке ишкерлер тарабынан Ак-Бата конушунун тургундарына жардам берилди. 

№ 17, 19, 20, 21 муниципалдык аймактык башкармалыктарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам катары азык-түлүк таратылды.

Андан сырткары, ишкерлер, шаардагы мекеме-ишканалар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын атайын эсебине 131 миң 750 сом акча каражат которушту.

Ош шаары :

Ош шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк, медициналык каражаттар, финасылык жардамдар берилди. 

Демөөрчүлөр тарабынан 26,0 тонна ун, 1100 литр өсүмдүк майы жана 2 тоннадан ашык макарон, күрүч, кумшекер жана башка азык-түлүк таркатылды. 

Ишкерлер 5600 медициналык беткап жана 30 халат беришти. 

Андан сырткары, башка ишкерлер, шаардагы мекеме-ишканалар Ош шаарынын мэриясынын атайын эсебине 3 млн 475 миң 934 сом акча каражат которушту.

 

 

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР