РУС

Орусия COVID-19 вирусун аныктоочу жаңы тест иштеп чыкты

Бул туралуу “Роспотребнадзордун” басма сөз кызматы билдирди. Жогоруда аталган мекеменин Эпидемиология боюнча илим-изилдөө институту COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы тест, клиникалык сыноодон кийин Орусияда колдонуу үчүн каттоодон өттү.

 Фото: Vostock-photo

Жаңы тест коронавирусту гана аныктабастан, аны пневмония оорусун козгогон бул сыяктуу башка вирустардан ажырата алат.

Тест “АмплиСенс Cov-Bat-FL” деген аталышка ээ болду. Ал адамдагы башка коронавирус үлгүлөрүнө туура реакция кылып, илдетти 2-4 саат ичинде так аныктайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Коронавирусту аныктоочу жаңы тест-системалары Армения, Беларусия, Казахстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жакынкы күндөрдө “АмплиСенс Cov-Bat-FL” тесттери биздин өлкөгө жана Тажикстанга алынып келеери күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Орусиянын 71 аймагында 1836 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкө боюнча жалпысынан бул илдеттен 11 киши каза болду. Москвада вирус жуктуруп алгандардын саны 1200дөн ашып, жети адам көз жумган.

 

 

 

БАШКА ЖАҢЫЛЫКТАР