Бүгүн, 2020-жылдын 22-майында дарылануу курсунун аякташы менен эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдан чыгарылды. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, учурда алардын абалдары канааттандыраарлык.

Үчүнчү аскер дарылоо курсун улантууда. Дарыгерлер бейтаптын абалын туруктуу деп баалашууда. 2020-жылдын 19-майында академик Миталип Мамытов жана  Бурденко нейрохирургия борборундагы орусиялык кесиптештердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Консилиум онлайн режиминде болуп өттү.

Консилиумдун жыйынтыгы боюнча, бейтаптын дарылануусу жөнгө салынып, дарылоо улантылууда. Оорулуу бардык дары-дармектер жана медициналык шаймандар менен камсыздалган- дейт маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *