Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Атадан бир бөлмөлүү батир белек кылынды
Меруэт Бакирова Тамчыдагы мектепте диндердин өнүгүү тарыхынан сабак берет. Ага батирдин ачкычын минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу иш-чарада тапшырды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңген 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди. Бүгүн өлкөдө Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.


