Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды: инфляция 10,8%га төмөндөдү

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 12% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Чечим 27-октябрдан тарта күчүнө кирди. Жылдык инфляция сентябрдагы 12,2%дан октябрда 10,8%га чейин басаңдады. Ал эми жыл башынан бери баалар 8,5%га өстү. Тогуз айда өлкөнүн экономикасы 10,8%га өскөн. Улуттук банк инфляцияны 5–7%га чейин төмөндөтүүнү көздөйт. Бирок дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат баалары тобокелдик жаратууда. Эсептик чен боюнча…

Кененирээк

БИШКЕКТЕ «АГРОТЕХЭКСПО – 2026» КӨРГӨЗМӨСҮ ЖАНА «АЛТЫН КҮЗ» ЖАРМАНКЕСИ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 23-октябрда, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта «АгроТехЭкспо – 2026» айыл чарба көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, көргөзмө менен таанышышты. Андан соң Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн салтанаттуу…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүрдүн баасына үч айлык мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып-сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн максималдуу баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берет. Рыноктогу кырдаалга жараша жөнгө салуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Кененирээк

Депутат Кыргызстанда эртерээк атомдук электр станциясын курууга чакырды

Улан Примов өлкөнүн энергетикалык келечеги АЭСке байланыштуу экенин айтып, курулушка даярдыкты азыртан баштоо керектигин белгиледи. Энергетика министри АЭС куруу мезгилдин талабы экенин билдирди. «Биздин максат — ишти азыртан баштоо. Бирок калктын пикирин да эске алышыбыз керек. Ошондуктан учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эл колдогондон кийин курулушка активдүү даярдана баштайбыз«, — деди Алтынбек Рысбеков. Эске салсак,…

Кененирээк

Жаңы жылдан тарта жөлөк пул жана «Баатыр эне» пенсиясы жогорулайт

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Майыптыгы бар балдарга бериле турган жөлөкпулдун өлчөмү 8000 сомдон 11 000 сомго (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптык боюнча пенсия өлчөмү да жогорулайт. Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга жөлөкпулдун өлчөмү 6000 сомдон 8000 сомго,…

Кененирээк

Кыргызстан Камбар-Ата-2 ГЭСине кошумча суу агызуучу курулма куруу үчүн 50 млн доллар насыя алат

Жогорку Кеңештин комитети Камбар-Ата-2 ГЭСине кошумча суу агызуучу курулма куруу үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 50 миллион доллар насыя алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Кошумча суу агызуучу курулма эмне үчүн керек? Катуу сел жана суу ташкыны учурунда ашыкча сууну коопсуз агызуу жана ГЭСтин курулмаларын коргоо үчүн. Учурда суу СЭВ жана биринчи гидроагрегат аркылуу чыгарылат….

Кененирээк

Монополияга каршы кызмат социалдык маанилүү товарлардын кымбаттап жаткан себептерин атады

Мекеменин маалыматына караганда, баалардын өсүшүнө төмөнкү факторлор таасир этүүдө. ▪️Логистика — чийки затты жана даяр продукцияны ташуу чыгымдары ▪️Валюта курсунун импорттук товарлардын баасына таасири ▪️Өндүрүштүк чыгымдар — электр энергиясы, жабдуулар, материалдар жана жумушчуларга кеткен каражат ▪️Айрым товарларга болгон мезгилдик суроо-талаптын көбөйүшү. Социалдык маанилүү товарларга ун, сүт азыктары, эт, балык, дан азыктары, жумуртка, жашылчалар, көмүр, бензин жана айыл чарба товарларынан жер…

Кененирээк

Кышта электр энергиясына чектөөлөр болбойбу? Министр жооп берди

Алтынбек Рысбековдун айтымында, кышка даярдык боюнча пландалган иштер толугу менен аткарылууда. Учурда электр энергиясын пландуу өчүрүү же керектөөгө чектөө киргизүү каралган жок. Бирок министр өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы бар экенин белгиледи. Аны жабуу үчүн быйыл 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын импорттоо пландалган. «Абал таңкы жана кечки эң жогорку керектөө маалында татаалдашы мүмкүн. Бул учурда…

Кененирээк

АКШ Россиядан дизель майын сатып алууга каршы мыйзам долбоорун сунуштады

АКШ Конгрессине президент Дональд Трамптын Россиядан дизель майын сатып алуу боюнча келишимине бөгөт коюуну көздөгөн мыйзам долбоору киргизилди. Демилгенин максаты — Россиянын дизель майын сатып алууга жана импорттоого уруксат берген келишимди токтотуу. Конгрессмен Грегори Микстин айтымында, бул келишим Ирандагы согуштан улам америкалыктар тарткан чыгымдарды азайтпайт. Мыйзам долбоорунда АКШнын Каржы министрлиги 9-октябрда чыгарган лицензияны жокко чыгаруу…

Кененирээк

Кыргызстанда орточо айлык 55 миң сомду түздү

Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал өлкөдө январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп.

Кененирээк