Президент Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 30-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. SpaceX космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат…


