Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас багыттарындагы авиабилеттерди арзандатуу үчүн авиакеросиндин наркынын бир бөлүгүн субсидиялоону сунуштады.
Ал эми авиакомпаниялар билеттерди туруктуу баада сатып, каттамдардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого тийиш. Бишкек — Ош багытындагы авиабилеттерди сатып алынган убактысына карабастан 4,5 миң сомдон кылуу каралууда.
Сунуш Экономика жана коммерция министрлигине киргизилди.


