Бишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт

Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, бюджеттик жана билим берүү уюмдары онлайн форматта иштейт. Мындай чечим жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды.

Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө. Шаарда унаалардын агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн. Онлайн формат жолдорго түшкөн жүктү азайтып, мекемелердин жана окуу процессинин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *