Ош шаарында окуучуларды ташыган өзгөчө автобус каттай баштады
Азырынча алыста жашаган балдарды тесттик режимде 2 автобус ташып жатат. Калаа мэри Жанар Акаев жакынкы арада дагы 10 автобус келерин, эгерде алар балдарга жакса, 2 ай сайын дагы кошулуп турарын убадалады. Автобус 28 балага ылайыкташкан, ичинде кондиционери, коопсуздук курлары бар.


