Президент Садыр Жапаров аны менен катар онлайн форматта Кыргызстан боюнча 105 социалдык объектини ишке киргизди.
Мамлекет башчысы билимдүү, Мекенин сүйгөн жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенин белгиледи.
Комплекстин аймагында окуу имараты, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянты жайгашкан. Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар.
Алгачкы «Акылман» лицейи мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө эшигин ачкан. «Акылман» президенттик лицейинин филиалдары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында курулат.








