Эрте никеге туруу дагы эле чоң көйгөй бойдон калууда — Акыйкатчы
Кыргызстанда мыйзамдык тыюуларга карабастан, эрте никеге туруу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын маалыматына ылайык, айрым аймактарда сурамжыланган окуучулардын 52%га чейини өз чөйрөсүндө эрте никеге туруу учурларын, ал эми 40%дан ашыгы эрте кош бойлуулук учурларын билерин билдирген. Мониторинг Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарында жүргүзүлгөн. Жаманбаеванын айтымында, кыздарды турмушка берүү чечимин көп учурда алардын…


