Эрте никеге туруу дагы эле чоң көйгөй бойдон калууда — Акыйкатчы

Кыргызстанда мыйзамдык тыюуларга карабастан, эрте никеге туруу олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын маалыматына ылайык, айрым аймактарда сурамжыланган окуучулардын 52%га чейини өз чөйрөсүндө эрте никеге туруу учурларын, ал эми 40%дан ашыгы эрте кош бойлуулук учурларын билерин билдирген. Мониторинг Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарында жүргүзүлгөн.

Жаманбаеванын айтымында, кыздарды турмушка берүү чечимин көп учурда алардын каалоосун эске албай, үй-бүлөсү кабыл алат. Мындай жагдай билим алууга тоскоол болуп, зомбулукка кабылуу коркунучун күчөтөт. Айрым аймактарда кыздарга карата физикалык зомбулуктун көрсөткүчү 63%га жетет. Көп учурлар кыздар медициналык жардамга кайрылганда гана белгилүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *